Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Ишкерлер эл аралык доолор боюнча тынчсыздануу билдирди


Бул тууралуу бир нече ишкер бирикмелеринин өкүлдөрү тараткан билдирүүдө айтылат. Анда ишкерлер акыркы учурда кыргыз өкмөтү бир нече иш боюнча эл аралык сотто утулуп, анын жалпы суммасы 1 млрд. долларга жеткенине кабатырлануу билдирилет. Ошондой эле мындай абалга өкмөт өкүлдөрүнүн жоопкерсиз билдирүүлөрү, өлкө жетекчилигинин экономиканы натыйжалуу башкара албай жатканы себеп болгону белгиленет..

Мындан улам ишкерлер коомчулугу өкмөт жетекчилерин Кыргызстанга доо койгон ар бир ишкана менен сүйлөшүү өткөрүүгө жана бул жаатта бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн катыштыруу менен атайын орган түзүүнү сунуштайт.

Буга чейин Москвадагы арбитраж кыргыз өкмөтүн Кутту-Сай кени боюнча канадалык Stans Energy компаниясына 118 миллион доллар төлөп берүүнү милдеттендирген. Анын негизинде Канаданын Онтарио соту Кыргызстандын «Центерра Голддогу» 47 пайыздык акциясын камакка алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG