Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

НАТО башкатчысы Москваны аскерлерин Украина чыгышынан чыгарууга чакырды


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын чыгышы менен Орусиянын чек ара аймагында техника менен аскерлердин топтолуп жатканын билдирип, Москваны өз күчтөрүн алып кетүүгө үндөдү. Столтенберг Брюсселдеги кабарчыларга айтканына караганда, Түндүк альянстын жана башка булактардын маалыматтары аскерий күч Украинанын ичинде гана эмес, чек аранын Орусия тарабында да топтолууп жатканын көргөзүүдө.

- Орусия Украинадагы кырдаалды дагы эле дестабилдештирүүдө. Аскерлердин, техниканын, танктар менен артиллериянын, абадан коргонуу системасынын заманбап бөлүктөрүн ташып атышканын көрүп атабыз. Мунун бардыгы ок атышууну токтотуу келишимин бузуу болуп эсептелет. Орусияны куралдуу күчтөрүн Украина чыгышынан чыгарууга жана Минск келишимин урматтоого чакырабыз, - деди баш катчы Евробиримдиктин коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынын утурлай.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG