Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Ыргал Кадыралиева агасынын тергөө менен кызматташпай жатканын төгүндөдү


Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев тергөө менен кызматташпай жатат деген жалган. Бул тууралуу анын карындашы, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, агасы эч жакка качпайт жана анын күнөөсү бар-жогу тергөө жүрүшүндө белгилүү болот.

Бүгүн Канжар Кадыралиевге кылмыш иш козголду. Ал эми Ош шаардык сотуна аны камакка алуу өтүнүчү келтирилген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, иш Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, “опузалоо”, “өзүм билемдик” беренелери боюнча козголгон. Ошондой эле Кадыралиевдин тергөө менен кызматташпай жатканын билдирген. Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасынын Ыкчам-иликтөө органдарындагы мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүндө прокурор болуп эмгектенген. (BkA/EBM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG