Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:26

Британия Иранды ийкемдүү болууга чакырды


Британиянын тышкы иштер министри Тегеран атомдук программасы боюнча келишимге жетишүүнү көздөсө, ийкемдүү болууга тийиш деп билдирди.

Бүгүн Венада Иран жана алты державанын сүйлөшүүлөрү улантылды. Тараптар 24-ноябрга чейин мунасага келүүгө аракеттенишүүдө.

Филип Хамонд АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушуудан кийин келишимге жетишсе болот деп ишенээрин айтты.

"Бул сүйлөшүүлөр өтө татаал өтүүдө, Иран ийкемдүүлүгүн көргөзүшү керек”, – деп кошумчалады министр.

Иран атомдук программасынан баш тартса, Ислам жумуриятына каршы эл аралык коомчулук тарабынан киргизилген санкциялар алынмакчы.

Бүгүн АКШнын расмий өкүлү ортодо олуттуу пикир келишпестиктер кала бергенин билдирген.

Тегеран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген дооматтарды четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG