Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Жаза аткаруу кызматынын өкүлүнүн сөөгү суудан табылды


Чүйдүн Аламүдүн районундагы түзөтүү мекемесинде өндүрүш иштери боюнча жетекчинин орунбасары болуп иштеген Мутевали Ибраимовдун сөөгү Молдовановка айылындагы суу сактагычтан табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынан шейшемби күнү кабарлашты. 23-октябрдан бери изделип жаткан маркумду Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тапкан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Ибраимовдун жоголгонун тастыктаган. Бирок ал 11-ноябрга чейин эмгек өргүүсүндө болгондуктан, издөө чаралары көрүлө электигин билдиришкен. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG