Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Баткенде жапырт мушташка катышкан үч бала кармалды


Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, Кадамжай районундагы бир мектептин окуучулары ортосунда эки күн мурда чыккан калайман мушташка тиешеси бар үч бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

17-ноябрда Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы гимназия-мектептин окуучулары ишмебилик өткөрүп жаткан учурда эки баланын ортосунда чыр чыгып, жаңжал ырбап кеткен. Балдардын жапырт мушташынан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мектеп окуучулары жана ата-энелердин катышуусу менен жыйын куруп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.(JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG