Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Кыргызстанда кенже класстагы окуучулардын билим деңгээли төмөн


Кара-Суунун Баш-Булак айылындагы мектеп окуучулары. Ош, 10-февраль, 2014.

Кара-Суунун Баш-Булак айылындагы мектеп окуучулары. Ош, 10-февраль, 2014.

Кыргызстандагы мектептердин кенже класстагы окуучулардын 60 пайыздан ашыгынын негизги предметтер боюнча деңгээли төмөн. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жүргүзгөн изилдөө жыйынтыгында белгилүү болду. Иликтөө алкагында окуучулардын окуу жана түшүнүү, математика, мекен таануу сыяктуу предметтер боюнча деңгээли текшерилген. Анын жыйынтыгында, окуучулардын 60 пайыздан ашыгы аталган предметтерден деңгээли төмөн экени белгилүү болгон.

2010-жылы эл аралык PISA уюму өз иликтөөлөрүнө таянып, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын билим сапаты эң төмөн деген жыйынтыкка келген эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG