Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Ысык-Көлдөгү жер титирөө 90 миллион сомдон ашык чыгым алып келди


Кажы-Сайдагы жер титирөодөн кийин, 14-ноябрь, 2014.
Кажы-Сайдагы жер титирөодөн кийин, 14-ноябрь, 2014.

Алдын-ала болжолдуу эсептөөлөр боюнча, Ысык-Көл облусунун аймагында 5 күн мурда болгон жер титирөө турак жайларга 90 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келген. Учурда социалдык обьектилерге келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүн министр Кубатбек Боронов атайын жыйын өткөрүп, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, чыгымдарды эсептөө жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымат укту. Бирок министр эсептөө иштери коюлган мөөнөттө бүтпөй жатканына тынчсызданып, ишти тез арада аягына чыгаруу тапшырмасын койду.

14-ноябрда Ысык-Көл облусунда жер титирөө каталып, анын күчү очогунда, тескей тараптагы Кажы-Сай шаарчасында 7 баллга жеткен. Силкинүүдөн кийин жарандардан турак-жайы жабыркаганы туурлауу 2314 арыз түшкөн. Алардын ичинен 1540 турак үй жана 44 социалдык объект текшерилип, алар ар кандай даражада жабыркаганы аныкталды.

XS
SM
MD
LG