Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Лавров: Батыш Киев менен Донбасс диалогуна көмөктөшүүсү керек


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 19-ноябрда Мамлекеттик Думадагы өкмөттүк саатта сүйлөп жатып, Украинадагы кризисти басаңдатууга багытталган ар бир кадам Батыш өлкөлөрү тарабынан жолтоолорго туш болууда деп билдирди.

Лавров Петро Порошенконун Донбассты экономикалык блокадага алуу боюнча жарлыгын Украина чыгышындагы жаңы аскерий операцияларга камылга катары сыпаттады. Ал Батыш согуштук операцияларды эмес, Киев менен жикчилдер ортосунда туруктуу сүйлөшүүлөргө барышын колдошу керектигин кошумчалады.

Сергей Лавров Москва Украинанын чыгышындагы конфликтке кыпындай да тиешеси жоктугун дагы эскертип өттү.

Украин президенти Петро Порошенко 17-ноябрдагы интервьюсунда “мамлекетте тынчтык орнотуу үчүн Украина жалпы согушка даяр” деп айткан.

Сентябрда тынчтык келишимине кол коюлганы менен атышуулар уланууда.

XS
SM
MD
LG