Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Бүгүн издөө жарыяланган Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев эч жакка качкан жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Динара Турдуматова билдирди. Анын айтымында, Кадыралиев тергөө менен кызматташып эле жаткан. Ушул дүйшөмбү күнү гана суракка барбай калган.

- Бир күн гана бара албай калды. Ошон үчүн тергөөчү өтүнүч келтирип коюптур. Анын үстүнө Кадыралиевге арыз жазган эки адам тең “эч кандай дообуз жок” деп тосмо арыз жазып беришти, - деди адвокат.

Кечээ Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Бүгүн болсо Ош милициясы Кадыралиевди издөө иштери башталганын билдирген.(BkA/YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG