Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

БУУнун Коомдук маалыматтар департаменти 19-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк таза даараткана күнүнө байланыштуу тараткан билдирүүсүндө, дүйнө элинин үчтөн бир бөлүгүнөн ашууну нормалдуу санитардык шарты бар дааратканага жетпей жашап жатканы айтылат.

Дүйнөлүк уюмдун маалыматы боюнча, жыл сайын беш жашка чейинки 800 миң бала же башкача айтканда ар мүнөт сайын бирден бала гигиена шарттарынын жоктугуна байланыштуу диареядан каза болушат. БУУ Баш катчысы Пан Ги Мун Бүткүл дүйнөлүк таза даараткана күнүнө карата кайрылуусунда: “Биз бул маселени көтөрүүнү уят дегенден арылып, жалпы элдин гигиена шарттарына жетишүү мүмкүнчүлүгүн глобалдык өнүгүүнүн артыкчылыгы катары карообуз зарыл”, -деп билдирди.

БУУ 2001-жылы 19-ноябрды Бүткүл дүйнөлүк таза даараткана күнү (World Toilet Day) деп кабыл алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG