Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:22

Мурдагы президенттин иниси Санжар Бакиев эркиндикке чыкты


Санжар Бакиев сот залында. Бишкек, 2-ноябрь, 2010.

Санжар Бакиев сот залында. Бишкек, 2-ноябрь, 2010.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Санжар Бакиев бүгүн жаза мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2010-жылы беш жылга эркинен ажыратылган Санжар Бакиев абактагы мөөнөтүн толугу менен өтөп бүттү. Ал жети айга жакын тергөө абагында кармалгандыктан, анда өткөрүлгөн бир күн эки күн катары эсептелген.

Санжар Бакиев 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө карата курал колдонгон деген айыптар менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийин облустук соттун бул өкүмүн Жогорку Сот жокко чыгарып, аны 5 жылга кескен.

Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жусупбек Бакиевдин уулу. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG