Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Яценюк: Киев Москванын “жалданмалары” менен сүйлөшүүгө барбайт


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк
Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Орусиянын “Киев жикчилдер менен түздөн-түз сүйлөшүүгө баруусу керек” деген сунушун кескин четке какты. Өкмөттүн отурумунда Яценюк орус тилинде “Биз Орусиянын “жалданмалары” менен түздөн-түз сүйлөшүүгө барбайбыз” деп айтып, Москваны жикчилдерди легитимизациялоого багытталган оюнун токтотууга чакырды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 19-ноябрда Мамлекеттик Думадагы өкмөттүк саатта сүйлөп жатып, Батыш согуштук операцияларды эмес, Киев менен жикчилдердин туруктуу сүйлөшүүлөргө барышын колдошу керектигин билдирген.

Украин президенти Петро Порошенко 17-ноябрда “мамлекетте тынчтык орнотуу үчүн Украина жалпы согушка даяр” деп айткан.

Сентябрда тынчтык келишимине кол коюлганы менен атышуулар дагы деле уланууда.

XS
SM
MD
LG