Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Түрк элдеринин салттуу оюндарына арналган симпозиум өтөт


“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” долбоорунун алкагында 15 мамлекеттин өкүлдөрү топтолуп, түрк элдеринин салттуу оюндарын талкуулайт. 20-22-ноябрь күндөргө белгиленген симпозиумга Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, Кытай, Ооганстан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Германия, Австралия, Хакасия, Алтай, Крым, Башкыртыстан жана Тува мамлекеттеринен окумуштуулар келет. Иш-чара Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университетинде өтөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Симпозиумдун максаты – каада-салттарга илимий жактан баа берүү жана аны эл аралык деңгээлде өркүндөтүү. (SE)

XS
SM
MD
LG