Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Парламентте Төрөбековдун кол тийбестик макамы каралат


Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековдун кол тийбестик макамынан ажыратуу менен жоопкерчиликке тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу бүгүн, 20-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында каралат. Чечим депутаттык комиссиянын баяндамасынан соң эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсүнүн негизинде чыгарылат.

Өткөн айда баш прокурор Аида Салянова "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековдун жогорку билим алгандыгы тууралуу документтери жасалма экени тастыкталганын белгилеп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган. Жагдайды беш фракция депутаттарынан турган комиссия Курманбек Дыйканбаевдин төрагалыгы астында иликтемей болгон.

Башкы көзөмөл органы буга чейин Төрөбековго “үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи" чинин алуу үчүн тапшырган жогорку окуу жайдын диплому жасалма экени боюнча кылмыш ишин козгогон. Депутат өзүнө тагылган айыпты четке кагып келүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG