Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

50 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды


Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 50 бала бакча имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сариева Чүйдөгү бала бакчалардын бирине жасаган сапары учурунда билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура бул бала бакчалардын мыйзамсыз менчиктештирилишине укуктук баа берип жатат. Сариева кайтарылган имараттарды тезинен оңдоп-түзөп, пайдаланууга берүү өкмөттүн милдети экенин да кошумчалады.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдарда көпчүлүк бала бакча имараттары менчиктештирилип кеткен. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 700гө жакын бала бакча жетишпейт. 2010-жылдан кийин өлкөдө менчиктештирилип кеткен бала бакчалар боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG