Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Канжар Кадыралиевди издөө иштери уланууда


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Кылмыш иши козголгон Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевди издөө иштери уланып жатканын “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. Анын айтымында, Кадыралиев туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келбей жатат жана учурда кайда экени белгисиз.

Башкы прокуратура буга чейин Канжар Кадыралиевге кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган.

Бирок адвокаты Динара Турдуматова Кадыралиевдин эч жакка качпаганын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG