Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Депутат Төрөбековдун кол тийбестик маселеси кийинки аптада каралат


Нурлан Төрөбеков, ЖК депутаты
Нурлан Төрөбеков, ЖК депутаты

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековдон кол тийбестик макамын алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароону парламент кийинки аптага калтырды. Бгуа Төрөбековго козголгон кылмыш ишти иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Курманбек Дыйканбаев иш сапарда болгону себеп болду.

Өткөн айда баш прокурор Аида Салянова "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековдун жогорку билим алгандыгы тууралуу документтери жасалма экени тастыкталганын белгилеп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган.

Башкы көзөмөл органы буга чейин Төрөбековго “үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи" чинин алуу үчүн тапшырган жогорку окуу жайдын диплому жасалма экени боюнча кылмыш ишин козгогон. Депутат өзүнө тагылган айыпты четке кагып келүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG