Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн ушул аптада валюта базарына дагы 10,8 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Мындай жол менен сомдун курсун туруктуу кармоо аракетин көрүлүүдө. Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногуна 340 миллион доллардан ашык каражат киргизди. Кыргызстанда октябрь айында доллардын курсу жогорулаганы байкалган. Бирок акыркы апталарда доллар курсунда басаңдоо сезилүүдө. Ушул тапта Бишкектеги валюта базарында доллардын баасы 57,55 – 57, 70 сомго чейин чыгууда. Ал эми евронун баасы 72 сомдун тегерегинде болуп жатат.

Финансисттер буга өлкөнүн импорттук товарга көз карандылыгы, ошондой эле саясий абалдан улам орус рублинин куну түшүп кеткени себеп болду деп түшүндүрүүдө. Ошентсе да Улуттук банктын өкүлдөрү дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок деп ишендириg келишет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG