Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

Кыргызстан БУУнун терроризм менен күрөшүн кубаттайт


Бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясындагы терроризмге каршы кызматташык боюнча 19-ноябрдагы жыйында Кыргызстандын бул уюмдагы туруктуу өкүлү Таалайбек Кыдыров билдирди. Кыдыровдун айтымында, Кыргызстан дүйнөдөгү бардык террористтик аракеттерди айыптайт жана бул багытта ЖККУ, ШКУ, КМШ жана ЕККУ сыяктуу аймактык уюмдардын маанисин күчөтүү керек.

Жыйында БУУ баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык коомчулуктун терроризмге каршы күрөшүнө карабай дүйнөдөгү террорчул согушчандардын саны көбөйүп жатканын билдирди. Улуттар уюмунун эсептөөсү боюнча, учурда "Ислам мамлекети", “ал-Каида” жана “Ан-Нусра” сыяктуу террорчул уюмдарга дүйнөнүн 80 өлкөсүнүн 13 миңден ашуун жараны мүчө болгон. Мындан улам Пан Ги Мун эл аралык терроризм менен күрөшүүдө кызматташтыкты арттырууга чакырды. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG