Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Салянова: Келдибеков четте жөн эле жүргөнү аныкталса издөө жарыяланат


Акматбек Келдибеков сот залында
Акматбек Келдибеков сот залында

Баш прокурор Аида Салянова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, депутат Акматбек Келдибеков чет өлкөдөгү дарылануусу бүтүп, ал жакта жөн эле жүргөнү медициналык тастыктамалар менен далилденсе ага издөө жарыяланарын, бирок бул сот чечими аркылуу жүргүзүлөрүн билдирди. Анын айтымында, Келдибековдун дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тергөө органдарынын тиешеси жок, себеби тергөө органдары тарабынан кылмыш иштин тергөөсү толук аяктап, соттук кароого жөнөтүлгөн жана депутаттын баш коргоо чарасы соттон өзгөртүлүп, өлкөдөн чыгууга сот уруксат берген.

Келдибековдун иши быйыл августта Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу убактылуу токтотулуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилген. Анын дарылануу мөөнөтү сот тарабынан чектелбегендиктен соттук териштирүү качан улантылары белгисиз.

Анын жактоочусу Татьяна Чильникина Акматбек Келдибеков чет өлкөлөрдүн биринде дарылануусун улантып жатканын, дарылануусу бүтөрү менен Кыргызстанга келерин буга чейин "Азаттыкка" билдирген.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган “Ата Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков өткөн жылдын күзүндө камакка алынган эле.

XS
SM
MD
LG