Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Парламентте видео көзөмөл боюнча мыйзам экинчи окууда жактырылды


Жогорку Кеңештин депутаттары “Сырткы видео көзөмөл жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Аны “Ата Мекен” фракциясынын бир нече мүчөсү иштеп чыккан. Мыйзам демилгечилери аталган мыйзам долбоору шаардагы коопсуздукту жана кылмыштуулук менен күрөштү күчөтөт деп билдирүүдө.

Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы имараттарга көзөмөл камералар орнотулууга тийиш. Көзөмөл камераларын орнотууга кеткен чыгымды ошол имарат кожоюндары көтөрөт. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG