Линктер

жекшемби, 19-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:11

Жоомарт Оторбаев Ашхабаддагы КМШ жыйынына катышат


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев КМШнын өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Оторбаев КМШнын премьер-министрлеринин жыйынына катышат жана бир катар жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен да жолугушат деп күтүлүүдө. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG