Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Аба ырайы: чукул эскертүү


2014-жылдын 20-ноябрынан 25-ноябрына чейинки жаанга жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Мырзаке -Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) жолдорунда кар көчкү коркунчу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

21-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл аймагында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0..-5, күндүз -1....4,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...4,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 4...9,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...4, күндүз 5...10,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...1, күндүз 0...5,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,

Бишкекте жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус, күндүз 1...3 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG