Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

БУУ: Украинада тынчтык келишиминен кийин 950дөн ашуун адам өлдү


Өкмөт күчтөрү менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда 5-сентбярда тынчтык келишимине кол коюлганы менен күнүгө орто эсепте 13 адам курман болуп жатат. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Зейд Раад Аль-Хусейн 20-ноябрда билдирди. Анын айтымында, чыгыш Украинада апрелден бери 4317 адам набыт кетти, 9921и жараат алды. Тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин каза тапкандар - 957 киши.

Башка жактан баш калка издегендердин саны сентябрда 275 489 адам болсо, эки ай аралыгында 466 829 адамга өстү.

XS
SM
MD
LG