Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Бишкекте кыргыз авиациясынын көйгөйлөрү талкууланат


“Кыргызстандагы жарандык авиация: маселелер жана чечүү жолдору” деп аталган тегерек столду “Ачык асман” коомдук фонду уюштуруп жатат. Аталган уюмдун жетекчиси Кайрат Итибаев “Азаттыкка” билдиргендей, Жыйынга Түркиядан, Орусиядан жана Бириккен Араб эмиратынан адистер чакырылган.

Өкмөт мүчөлөрүнүн жана авиацияга тиешеси бар компания өкүлдөрүнүн катышуусунда өтө турган тегерек столдо үч маселе талкууланат: Кыргызстанга эл аралык учуу каттамдарын көбөйтүү, учуп-конуу тилкелериндеги көйгөйлөр жана авиакомпанияларга таандык учактардын абалы.

Кыргызстандагы авиакомпаниялар бир канча жылдан бери Европа биримдигинин кара тизмесинде турат. Итибаевдин айтымында, быйыл августта маселени чечүү жолдору эл аралык адистердин катышуусунда каралмак. Бирок жетиштүү даярдык жок болгондуктан, кийинки жылга калган.

Кыргыз авиациясынын көйгөйлөрүнө арналган жыйын 21-ноябрда “Хаят” мейманканасында өтөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG