Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Кыргызстан туризм тармагында эл аралык сыйлыкка ээ болду


Москвадагы сыйлык тапшыруу аземинде тартылган сүрөт. 20-ноябрь, 2014-жыл.
Москвадагы сыйлык тапшыруу аземинде тартылган сүрөт. 20-ноябрь, 2014-жыл.

«National Geographic Traveler» журналынын тандоосу боюнча Кыргызстан “Ден соолукту чыңдоочу эс алуу” номинациясында эң мыкты деп табылды. Сыйлык тапшыруу аземи 20-ноябрь күнү кечинде Москвадагы белгилүү “Лотте отель” мейманканасында өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Журнал бул сынакты төрт жылдан бери уюштурат. Добуш берүү эки баскычта өтөт. Алгач туризм тармагындагы кесипкөй адистер арасында сурамжылоо жүргүзүлөт. Андан соң журналдын сайтында окурмандардын добушу саналат.

Журналдын маалыматына ылайык, быйылкы добуш берүүгө 230 миңден ашуун адам катышты. Алар 80 мамлекеттин ичинен эң мыктыларын тандады. “Ден соолукту чыңдоочу эс алуу” багыты боюнча добуш бергендердин 79% ашууну Кыргызстанды колдоду.

“Эң мыкты кышкы эс алуу” багытында Австрия, “Экскурсиялык эс алуу” багытында Италия, “Экзотикалык эс алуу” багытында Гренландия, “Эң мыкты аба майданы” багытында Дубай мыкты деп табылды. Жалпысынан сыйлыктар 16 номинацияга бөлүштүрүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG