Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Социал-демократтар оң рулдуу унааларга тыюу салууну колдоду


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Бул мыйзам долбоорду Ички иштер министрлиги иштеп чыгып, парламентке сунуштаган. Министрлик жүйөсүндө, акыркы жылдары оң рулдуу автоунаалар себеп болгон жол кырсыктары көбөйүп жатат. Ушундан улам министрлик мындай машинелерди алып кирүүгө тыюу салуу жол коопсуздугун күчөтүүгө жардам берет деп билдирүүдө. Буга чейин аталган мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери колдогон.

Оң рулдуу унааларга тыюу салуу демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөн. Бирок коомчулуктун каршылыгынан улам ишке ашкан эмес.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG