Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Украинада Евромайдандын бир жылдыгы белгиленүүдө


Евромайдан, Киев, 22-ноябрь, 2013.

Евромайдан, Киев, 22-ноябрь, 2013.

Украинада Евромайдандагы нааразылык акцияларынын башталышынын бир жылдыгы белгиленүүдө. Президент Петро Порошенко 13-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, мындан ары 21-ноябрда “Ар-намыс жана Эркиндик” күнү майрамдалмакчы. Ошол кездеги мамлекет башчы Виктор Янукович Евробиримдик менен келишимден баш тартып, Орусия менен жакындашуу багытын алгандан кийин бир жыл мурун ошол күнү Киевдин борборуна адегенде чакан топ чогулган.

Бир эле түндүн ичинде аянт он миңдеген кишиге толгондо полиция аларды союл, жаш агызчу газ менен таркаткан.

Бара-бара Януковичтин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар жаңырып, президент февралда өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Полиция менен демонстранттардын кагылышууларында 100дөн көп киши набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG