Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Венада Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Венада бүгүн Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампасы уланмакчы. АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф жана Евробиримдиктин жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун кечээги жолугушуусу түн ортосуна чейин созулду. Бүгүн аларга Франция жана Британия тышкы иштер министрлери кошулмакчы. Керринин айтымында, дүйнөлүк державалар мунаса табуу аракетин “биргелешип” көрүп жатышат, бирок ага жетишүү мөөнөтүн 24-ноябрдан ары жылдыруу маселеси каралган жок. Орусиянын өкүлү Сергей Рябков сүйлөшүүлөрдөгү маанайды чыңалган абалда деп сыпаттап, келишимге жетишүү кыйын болорун белгиледи.

Иран уран байытуу процессин кыскартса, ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялар алынып салмакчы.

Тегеран ядролук куралдын үстүнө иштеп атат деген эл аралык коомчулуктун дооматтарын четке кагып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG