Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Кадыралиевге козголгон иш тосмо арыз менен кыскартылбайт


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кетиренов билдирди. Анын айтымында, Кадыралиевге козголгон беренелердин бири оор кылмыштардын катарына кирет. Аны тосмо арыз менен токтотууга мыйзам жол бербейт:

- Учурда Кадыралиевдин адвокаты билип туруп, коомчулукка туура эмес түшүнүк берип жатат. Анткени Кадыралиевге козголгон беренелердин бири тосмо арыз менен кыскартууга жатпайт. Тосмо арыз жазды деп жаткан Бекташев аттуу жаран “чындыгында эле кечирим сураган үчүн тосмо арыз жаздым, бирок мурдагы көрсөтөлөрүмдөн баш тартпайм”, - деп бизге билдирди. Ошондуктан ага карата кылмыш иш кыскарбайт.

Бүгүн Канжар Кадыралиевдин жакындары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, уулуна каршы арыз жазгандар өз дооматы жоктугун билдиргенин айтып чыгышкан.

Буга чейин Өзгөн районунун бир нече тургуну опузалап акча талап кылды деп Канжар Кадыралиевге каршы арыз жазган. Буга байланыштуу Башкы прокуртура ушул апта башында Кадыралиевге кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Ош шаардык милициясы Кадыралиевге издөө жарыялап, аны кармоо аракетин көрүүдө. Бирок кылмышка шектүүнүн жакындары анын эч жакка качпаганын билдирип жатат. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG