Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

“КР Бажы биримдигине каршы” кыймылынын Фейсбуктагы мүчөлөрү төрт миңге жетти


Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014
Бажы биримдигине каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014

Аталган кыймылдан бүгүн “Азаттыкка” кабарлашканга караганда, Facebook социалдык тармагында ушундай эле аталышта түзүлгөн топтун мүчөлөрүнүн саны учурда төрт жарым миңге жетти. Жана бул топтун баракчасы менен өзүнчө бурчуна жумасына 30 миңдей окурман кирип, алардын 96 пайызын Кыргызстандын аймагынан киргендер түзөт. “Бул былтыр февралда азганактай мүчө менен түзүлгөн топ медиа мейкиндикте жана Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда таасирдүү топко айланып баратканын, эч кандай саясий тажрыйбасы жок жарандар биригип, өз көз карашын өлкө калкына жеткирип жатканын көрсөтөт. Бийлик тараптан ар кандай басым-кысымдарга, тынч акциялар учурунда мыйзамсыз кармап кетүүлөргө, орусиячыл басылмалар мүчөлөрүбүзгө “улутчул”, “Батыштын агенттери” деген сыяктуу ар кандай жарлыктарды такканына карабай ишибизди активдүү улантып жатабыз”, - деп билдирди кыймылдын лидерлеринин бири.

Аталган кыймыл ушул айдын башында өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдоп, Бажы биримдигине кирүү баалардын кескин өсүүсүнө, инфляцияга, улуттук валютанын нарксызданышына, ишканалардын банкротуна алып келиши мүмкүндүгүн белгилөө менен анын социалдык кесепеттери, калктын турмуш деңгээлинин кескин төмөндөшү, элдин нааразычылыгынын күчөшү үчүн жоопкерчилик түздөн-түз өлкө жетекчилерине жана Жогорку Кеңештин депутаттарына жүктөлөрүн эскерткен.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Ашхабаддагы КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында Кыргызстандын Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу тууралуу маселе 23-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында караларын билдирген.

XS
SM
MD
LG