Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Орусияда Евромайданды жактаган активисттер кармалды


Кечээ Москва шаарында Евромайдандын бир жылдыгын белгилеп чыккан 15ке жакын активист кармалганын орус басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, активисттер Украинанын желегин, “кечээ Киев, бүгүн Москва” деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп алып жүрүш жасаган.

Кечээ Украинада Евромайдандагы нааразылык акцияларынын башталышынын бир жылдыгы белгиленген. Президент Петр Порошенко 13-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, мындан ары 21-ноябрда Ар-намыс жана эркиндик күнү майрамдалмакчы.

Ошол кездеги мамлекет башчы Виктор Янукович Евробиримдик менен келишимден баш тартып, Орусия менен жакындашуу багытын алгандан кийин бир жыл мурун ошол күнү Киевдин борборуна адегенде чакан топ чогулган. Көп өтпөй Януковичтин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар жаңырып, президент февралда өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Полиция менен демонстранттардын кагылышууларында 100дөн көп киши набыт болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG