Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Украинада өткөн кылымдын 30-жылдарындагы ачарчылык эскерилет


Бүгүн Украинанын Киев жана башка шаарларында 1930-жылдагы ачарчылыкты эскерген аза күтүү өтөт.

Бул күнү Улуттук музейдеги “ачарчылыктын курмандыктары” мемориал эстелигине гүлчамбар коюлуп, аза күтүлөт. Иш-чарага саясатчылар, чет өлкөлүк элчилер, коомдук уюмдар катышып жатат.

2003-жылы Украина жетекчилиги отузунчу жылдарда жумуриятта орун алган ачарчылык тууралуу документтерди ачыкка чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Андагы маалымат боюнча Совет элин колхоздоштуруу үчүн Москва ал ачарчылыкты атайын уюштурган жана 1932-1933-жылдарда Украинада 10 миллионго чейин адам ачкадан өлгөн. Бирок Орусия бул маалыматты төгүндөп келет. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG