Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Журналисттердин ишмердүүлүгү талкууланат


Эртең журналисттердин үстүнөн жазылган даттануулар медиа серепчилердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясынан билдиришти. Талкууда комиссиянын жүргүзүп жаткан жумушу тууралуу баяндама угулуп, журналисттердин этикасынын тегерегинде сөз болот.

Аталган комиссия 2007-жылдан бери иш алып барат. Алар кайсы бир макала боюнча жарандардан түшкөн арыздардын негизинде журналист же редакция менен иштешет. Эгер макалада журналисттердин этикалык кодексине ылайык келбеген сөздөр жазылса, басылмага жана журналистке эскертүү берилет.

Юрист Шамарал Майчиев төрагалык кылган комиссиянын 13 мүчөсү бар. Аларга даттануулар негизинен гезиттердин үстүнөн көп түшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG