Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Аскер бөлүгүндө жоокер атылган октон каза болду


Кечээ болжол менен кечки саат 11лер чамасында № 97632 Абадан коргонуу аскер бөлүгүндө контракттык негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Б.Көчөрбаев атылган октон улам каза болгон. Аны ушул эле аскер бөлүктүн кызматкери, лейтенант А.Турматов атып алган. Бул туурауу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Турматов кесиптеши Көчөрбаевди моюн тарапка кокусунан атып алган. Көчөрбаев ооруканага жетпей көз жумган. Бул окуя боюнча Башкы штабдын жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Учурда Аскер прокуратурасында иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG