Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Беларус президенти Лукашенконун бутуна операция жасалды


Беларус мамлекеттик телеканалы маалымдагандай, Лукашенконун хоккей ойноп жатканда кокустатып алган тизесине операция жасалды.

Лукашенконун маалымат катчысы Наталья Эйсмонт операция мурда эле жасалмактыгын, бирок президенттин иш графигинен улам ушул күнгө калганын билдирди. Эйсонт кошумчалагандай, өлкө башчысынын абалы канааттандырарлык. Ал азыр өзүнүн резиденциясында жана ага калыбына келүү үчүн үч-төрт күн талап кылынат.

XS
SM
MD
LG