Борбор Азиядагы чукул кырдаалдардын алдын алуу жана жок кылуу боюнча эксперттер Бишкекке чогулуп, алгачкы жолугушуусун өткөрүшөт. Иш-чара бүгүн башталып, эртең аяктайт.
Жыйынга Борбор Азия, Кавказ өлкөлөрүнүн эксперттери менен катар Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын өкүлдөрү, БУУнун жергиликтүү бюросунун мүчөлөрү катышат.(ZKo)