Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Владимир Путин өмүр бою президент болгусу келбейт


Бирок 2018-жылы боло турган президенттик шайлоого катышуу укугу бар экенин белгилеген Путин буга Башмыйзам уруксат берерин айтты. Ал ТАСС агенттигине курган маегинде:

- Жок, бул өлкө үчүн да туура эмес, мага да кереги жок. Башмыйзам президент болуунун шарттарын ачык аныктап турат. Мен үчүн мыйзамдардын талабын аткаруу - негизгиси. Менин мөөнөтүм Конституция тарабынан чектелген, - деп айтты.

Орусиянын Батыш менен мамилеси сууганы тууралуу суроого жооп берип жатып, Путин Москва “темир көшөгө” саясатынын кесепетин жакшы билерин, ошондуктан, бул жол менен барбасын билдирди. “Кандай гана болбосун, биз бул жол менен барбайбыз. Жана биздин айланабызга да эч ким дубал куралек” деген Путин “чоң жетинин” өлкөлөрү менен мамилеси сууганынан эч кандай ыңгайсыздык сезбегенин кошумчалады.

Ал ошондой эле Крым окуясы боюнча стратегиялык чечим кабыл алынганын айтып, бул жерде өзүнүн кадамы туура деп эсептерин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG