Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо механизмдери жакшы болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" укук коргоочу Мунара Бекназарова кабарлады. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Бирок Ички иштер министрлиги, сот органдары жана башка мекемелер ортосунда бул багытта бирдиктүү иш жок. Ошондуктан укук коргоочулар аталган органдардын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо багытында ишин бири-бирине шайкеш келтирүүчү мыйзам долбоорун сунуштоодо. Эртең Бишкекте ушул маселеге арналган жыйын өтөт.
Расмий маалымат боюнча, соңку 9 жыл ичинде сот органдары тарабынан башкаларга коркунуч жараткан үй-бүлө мүчөсүнө карата 10 гана ордер берилген. (RK)