Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Өпкө оорулары боюнча абал расмий статистикадан 4-5 эсе оор


Кыргызстанда өпкөнүн жугуштуу эмес оорулары боюнча абал жылдан жылга курчуп баратат. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Көбү бул илдетке чалдыкканын билбей жүргөндүктөн расмий каттоодогуларга караганда чыгыны көрсөткүч 4-5 эсе көп деген жыйынтыкка адистер атайын сурамжылоодон кийин келишкен.

Өпкөнүн обструктивдүү оорулары негизинен тамеки чегүү, аллергия сыяктуу факторлордон улам өрчүйт. Кыргызстандын шартында буга тоолуу аймак фактору да кошулат.

Бүгүн, 24-ноябрда бул дарт менен күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленип, тиешелүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Кыргызстанда өпкөсүн текшертүүнү каалагандар "Бишкек парк" соода борборундагы акцияга катышса болот. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG