Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Турганбаев: Кадыралиевдин карактоого тиешеси бардыгы тастыктала элек


Ички иштер министри Мелис Турганбаев Канжар Кадыралиевдин Өзгөндөгү жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үйүндөгү куралдуу карактоого тиешеси бардыгы тастыктала электигин “Азаттыкка” билдирди. Кадыралиевдин бир тууган карындашы, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиевага милиция ушул фактыны териштирип жатканын, карактоого байланыштуу кармалгандар бардыгын, бирок Кадыралиевдин тиешеси бар-жогу азырынча далилдене электигин маалымдаганын белгиледи. Ал эми Абдимитал Бекташевдин арызы боюнча козголгон кылмыш иш Башкы прокуратурада экенин кошумчалады.

Бүгүн Ыргал Кадыралиева айрым маалымат каражаттарга агасынынын күнөөсү жоктугун Турганбаев өзү тастыктады деген комментарий берди.

Канжар Кадыралиевге өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арызына байланыштуу 18-ноябрда кылмыш иши козголгон. Ага "бейбаштык", "опузалоо" жана "өзүмбилемдик" беренелери боюнча айып тагылган. Эртеси күнү,19-ноябрда сот камакка алуу тууралуу чечим чыгарган, тергөөгө келбей жатканына байланыштуу издөө жарыяланган. Андан мурдараак Кадыралиевди өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев куралдуу карактоо боюнча айыптап чыккан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG