Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Батыш менен Иран мунаса издөөдө


Ирандын ядролук программасы боюнча мунаса табуу жана бир чечимге келүү үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөр дагы уланышы мүмкүн. Алты мамлекеттин катышуусунда өтүп жаткан талкууларда 24-ноябрга чейин Тегерандын ядролук программасы боюнча тарыхый келишимге жетишүү негизги максат кылынган. Ага Британия, Германия, Кытай, Орусия, АКШ жана Франция кирет. Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хэммонд сүйлөшүүдөгү кырдаалга токтолуп:

- Биз макулдашууга жетишүүнү каалайбыз, бирок азыр жалган үмүт бербей турайын. Ошентсе да макулдашууга жетишүү үчүн күчүбүздү жумшайбыз, - деп билдирди.

Хэммонд буга чейин Иран ийкемдүүлүгүн көрсөтсө, көп утушка ээ болорун айткан.

Иран уран байытуу процессин кыскартса, ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялар жеңилдетилмекчи. Тегеран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген эл аралык коомчулуктун дооматтарын четке кагып келет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG