Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Ооганстанда НАТОнун эки аскери өлтүрүлдү


Кабул полициясы НАТОнун автокаллонасына жакын жерде дүрмөттөлгөн велосипед жарылганын билдирди. Натыйжада Түндүк атлантикалык альянстын эки аскери набыт болду. Азырынча каза болгондор кайсы өлкөнүн жараны экени жана кол салуу кайсыл аймакта болгону айтыла элек. Жардырууда бир жай тургун жараат алды.

Маалыматтарга караганда, жыл башынан бери Ооганстанда 63 чет элдик аскер өлтүрүлдү. Алардын 46сы америкалыктар. Ушул жылдын соңуна чейин НАТО аскерлеринин басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгат. Кабул менен АКШнын ортосундагы жаңы келишимге ылайык, бул аймакта 2015-жылдан баштап 10 миңдин тегерегинде гана аскер калат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG