Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

"Чет элдик агент" мыйзамына Юстиция министрлиги каршы


Бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент катары таануу тууралуу мыйзам бир жыл мурун Орусияда кабыл алынган.
Бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент катары таануу тууралуу мыйзам бир жыл мурун Орусияда кабыл алынган.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу тууралуу мыйзамга каршы пикирин билдирди.

Бул мыйзам долбоор 24-ноябрда Жогорку Кеңештеги коомдук угууда талкууланды. Долбоордун демилгечилери сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттик көзөмөл керектигин, бул эң ириде коопсуздукка байланыштуу экенин жүйө келтиришүүдө.

Бейөкмөт уюмдардын пайда-зыяны

Ошто 20 бейөкмөт уюмдун башын кошкон "Регионалдык гуманитардык форум" деп аталган бирикме бар. Ага “Интербилим” уюмунун аймактагы өкүлчүлүгү да кирген. Анын жетекчиси Гулгаакы Мамасалиева мыйзам долбоорго караманча каршы. Анын пикирине ылайык, эгер мыйзам кабыл алынса, сырттан келген жардамдын көлөмү кескин азаят жана мунун кесепетин карапайым эл тартат:

- 2010-жылы коогалаң учурунда жергиликтүү бийлик алсыз болуп турган кезде жарандык коом бир күч болуп биригип, жардам берген. Бейөкмөт уюмдар гуманитардык жардам жана башка нерселер тууралуу элге байма-бай маалымат жеткирип турдук. Мамлекеттик дирекция тараткан жардамдардын ачык-айкын болушун көзөмөлдөдүк. Жаңы мыйзам долбоордо "саясатка аралашкан бейөкмөт уюмдарга “тыңчы” деген ат коюлат, ал эми социалдык багытта иштегендерге мындай макам берилбейт” деп жазылып жатпайбы. Биз деген гуманитардык жардамдардын таркатылышын, адилеттик маселелерин көзөмөлгө алсак, бул саясат эле болуп эсептелет да. Өкмөттүн коррупцияга каршы аракетин карап тургандын өзү эле саясат. Эгер баарыбызга “тыңчы” деген ат коё турган болсо, анда биз менен эл, айыл өкмөттөрү иштешпей калышы мүмкүн. Азыр бизде айыл өкмөттөрдүн 80 пайыздан ашыгы дотацияда отурат. Аларга сырттан жардам абдан керек. Мына эки жылдын ичинде биздин форумдун жардамы менен жети ФАБ, беш бала бакча салынды. Социалдык объектердин курулушуна жарандык коом кол кабыш кылып келатат.

Депутат биринчи орунда коопсуздукту коюуда

Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев даярдаган. Мадалиев 24-ноябрдагы парламенттеги коомдук угууда бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам 1999-жылы кабыл алынгандыктан азыркы талаптарга жооп бербестигин, алешемдиктер бардыгын жүйө келтирди. Анын баамында, жаңы мыйзам долбоор өлкө коопсуздугу үчүн да зарыл:

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

- Азыркы иштеп жаткан мыйзамда бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген жагдайларды аныктоо, жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү жок. Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоордо “чет элдик коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү” деген түшүнүктү киргизип жатабыз. Эгер тигил же бул коммерциялык эмес уюм чет жактан каржыланса жана саясий иштер менен алектенсе, “чет өлкөлүк агенттин милдетин аткарган коммерциялык эмес уюм” деген макамга ээ болсун, кайра каттоодон өтсүн деген сунуштарды киргизип жатабыз.

Юстиция министрлиги: мыйзам долбоору максатсыз

Мыйзам долбоорду Юстиция министрлиги укуктук экспертизадан өткөрүп, аны кабыл алуу максатсыз деп тапты. Аталган министрликтин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштанбековдун билдиришинче, бул кошумча түйшүктү жана ашыкча чоң чыгымды талап кылат. Ал эми коопсуздукка жооп берген, каржылык жактан териштирүүлөрдү жүргүзө турган атайын органдар бар, мыйзамдар да жетиштүү:

- Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү өлкөнүн коопсуздугуна кандайдыр бир коркунучтарды келтирсе, же ал боюнча маселе чыкса, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун түздөн-түз караган, камсыз кылган атайын орган – УКМК бар. Азыр Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын бюджетин каяктан келип, кайда жумшалганын аныктоо ыйгарым укугу берилгени жатат. Мындай кылууга биздин министрликтин такыр эле мүмкүнчүлүгү жок. Себеби бул маселенин өзгөчөлүгү бар. Бул атайын оперативдүү иштердин негизинде аныктала турган жагдайлар. Каржылык чалгындоо боюнча атайын орган бар. Эгер маселе жаралса ошолор гана текшерүү жүргүзө алат.

Кыргызстанда жалпысынан 10 миңге чукул бейөкмөт уюм каттоодон өткөн. Бирок анын миңден ашыгы гана аздыр-көптүр туруктуу иш алып барат.

Бул мыйзам долбоор эми Жогорку Кеңештин комитетинде каралат, андан кийин парламенттин жыйынында талкууланмакчы.

Мындан эки жыл мурун дал ушундай мыйзам Орусияда кабыл алынган. Ушундан улам жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар мыйзам долбоор жазгандарды Орусияны туурап жатат деп сынга алып келишет.

XS
SM
MD
LG