Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Орусия Абхазияга жардамын эки эсе көбөйтөт


Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин жикчил Абхазиянын башчысы Раул Хажимба менен жолуккан учурда билдирди. Жардамдын көлөмү жаңы жетишилген өнөктөш өлкө боюнча келишимдин негизинде көбөймөкчү. “Жардамды былтыркы жана быйылкы жылга караганда эки эсе көбөйтүү пландалганын” Путин билдирди.

Абхазия жумурияты 1993-жылы Грузиядан бөлүнүп, бир тараптуу өз төбөлсүздүгүн жарыялап алган. БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык, Абхазия Грузиянын курамына кирет.

2008-жылдагы грузин-орус согушунан кийин Москва Абхазиянын эгемендүүлүгүн тааныган. Андан тышкары Никарагуа менен Венесуэла Абхазиянын эгемендүүлүгүн тааныган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG