Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:43

Франциянын ашынган улутчул партиясы Орусиядан насыя алды


Франциянын Марин Ле Пен жетектеген ашынган улутчул “Улуттук фронт” партиясы Орусиядан 9 млн. евро насыя алды. Чехия-Орусия банкы аталган партияга насыя берүү чечимин сентябрь айында эле кабыл алганы менен коомчулукка эми гана белгилүү болууда. Бул тууралуу Mediapart басылмасы жазып чыкты. Партиянын финансылык жагын тейлеген өкүлү Валлеран Сен-Жюст “Улуттук фронт” насыянын эки млн. евросун алганын билдирди.

Ал эми Марин Ле Пен франциянын банктары акча бербегендиктен, чет өлкөдөн алууга аргасыз болушканын айтты. Францияда департаменттердин деңгээлинде шайлоо келерки жылдын мартында, аймактык шайлоолор декабрда башталат. Эксперттер муну Орус бийлигининин “Улуттук фронттун” ишмердүүгүн колдоо иретинде берүүдө деп баалап жатышат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG