Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Эрдоган аял-эркек теңдигине ишенбейт


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө аял менен эркектин ортосунда теңдик болушу мүмкүн эместигин айтты. Ал аял менен эркек экөө бир эле жумушту аткара албасын айтып, мисал катары “балалуу” же “ кош бойлуу аял жер казып иштей албайт да” деди. Ал ошондой эле бала төрөө аялдардын артыкчылыгы экенин айтты.

Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн 11 жылдык премьер-министрлик кызматында өлкөдөгү динге негизделбеген башкаруу принциптерин бузууга жана Түркияда аялдардын эркиндигин чектөөгө аракет кылат деген айыптоолорго тушуккан.

Мурдарак Эрдоган ар бир түрк аялы кеминде үчтөн бала төрөшү керек деп айтканы бар.

Режеп Тайып Эрдоган быйыл август айындагы шайлоодо Түркиянын президенти болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG