Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Франциянын оңчул партиясы Орусия банкынан насыя алган


Марин Ле Пен жетектеген оңчул “Улуттук фронт” партиясы орус-чех банкынан 9 млн. евро сураганы аныкталды. Буга чейин 2 млн. евро оңчулдардын колуна тийген. Партиянын казыначысы Валлеран Сен-Жюст “Азаттыкка” банк менен макулдашууга сентябрь айында кол коюлганын билдирди. Анын айтуусунда акча “шайлоо өнөктүгүнө керек”. Ошондой эле анын айтымында, партия буга Франциядагы башка банктар аларга насыя берүүдөн баш тарткандан кийин барган.

Марин Ле Пен апрель айында Москванын таасирдүү адамдары менен жолугушуп, Евробиримдик Кремлге муздак согуш жарыялаганын кыйыткан. "Улуттук фронт" Батыштын Орусияга киргизген санкцияларын айыптап, Орусиянын Крымды аннексиялап алышын колдогон.

Айрым эксперттер Франциядагы саясий партиянын орус банкы тарабынан каржылануусу “Улуттук фронттун” ишмердүүлүгү Орусия тарабынан колдоого алынып жатканын айгинелейт деп айтышты.

XS
SM
MD
LG