Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Кытай чек арасын Кыргызстан менен биргелешип кайтарууну каалайт


Бул тууралуу Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын аскер округунун жетекчи орун басары Чжан Цзяньшэн Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев менен жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда Кытай тарап Кыргызстандын чек ара кызматына аскердик-техникалык жардам берүү маселесин карап көрүүгө даяр. “Чек арада биздин мамлекеттер үчүн жалпы коркунучтар бар, ошондуктан, биз чек араны бекемдөө менен андагы коопсуздукту эффективдүү коргоо системасын кура алабыз” деди генерал-майор Чжан Цзяньшэн.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Кыргызстан менен Кытай чек араны кайтарууда активдүү кызматташып келе жатканын белгилеп, кыргыз-кытай чек арасын чогуу көзөмөлдөө, эки тараптын чек арачылары биргелешип өткөргөн аскердик машыгуулар иш жүзүндө жакшы натыйжаларды берип келе жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат борборунан “Азаттыкка” билдиришти.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 2003-жылы толук чечилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG